Бек Борбиев - Чырагым

Текст песни

Ыпыр түшүп калбасын деп көзүңө
Далым менен тосуп турам шамалдан
Мен жашоомду арнап жүрүп өзүңө
Жан дүйнөмдү сезбептирмин камалган
Чырагым
Күчтүү билем сенин суйуу дымагың
Тең болалбай турганымды билсем да
Алтыным деп саамайыңдан сыладым
Иии Чырагым
Жыкпай сени жыгылганга ынадым
Көрө албастар айта берсин дедим да
Көңүлүңдү көкүрөккө кынадым

Рекомендации