Эльзар Өскөнбаева - Чоочун адамым

Текст песни

Сөлөкөт эле гана болуп барасың,
Сөзүмдөн алып туңгуюкка саласың.
Сагынып сага жанаша жүрөмүн,
Чоочун адамым.

Саргайып сагынычтан калдым алсырап,
Жан дүйнөм эңсеп кусалыкка калтырат.
Батынып анан өзүңө жакындасам,
Эээй жүрөгүм жанчылат.

Капалык курчап мени каптады,
Өкүнүч жаныма батканы
Махабат аны кайдан табамын
Кусанын зарына барамын

Өмүрдүн жаштыгын алдың кара жан
Күйүттөн өрт болуп баратам
Кайдыгер караган мамилеңден айланам.
Эми мени коё берчи садагам садагааам садагам

Рекомендации