Текст песни

Жан Дүйнөм асманда калкып учкан куштай
Желбиреп жел менен бирге ооролушкан
Алыстан Күн нуру карап маанайлашып
Жылуулук берип жүрөктү кубандырган

Жүрөгүмө толтура , Сүйүү бердин Күн-айым
Кабарлашып ар дайым, берип турдуң Күн нуруң
Шоолаң чачып ааламга, берип турдуң Ай нуруң
Эки жүрөк кагышкан, күбө болдуң Ай-айым

Сезимдер каптап денемди чагылышкан
Булуттарга термелип бирге ооролушкан
Тоолорго тирелип Үмүт чин дилимен
Жамгыр болуп себелеп бирге толкунданган

Рекомендации