FREEMAN 996 - Чытырман токой (OST Нелегал. Через Мексику)

Текст песни

Жашоо чытырман токойдой
Жырткычтарың аңылоодо жүрүшөт
Алдыда бир гана сыноолор
Алар менен келем күндө күрөшүп

Сагындым сыймалуу тоолоруңду
Түшүндүм баркыңды жүрүп алыста
Башымда бүтпөгөн суроолорум
Кайрадан такалам кур намыска

Апаке, аз калды жакында барамын
Көрүнбөй кетсем да, угулбай кабарым
Чырмашкан боолордун чечимин табамын
Чалынам кайрадан, турам күч аламын

Абалым ар кандай
Бирде дайнымды таппай каламын
Жеңил ооруна көнүп калгандай
Бөтөн жерине, бөтөн калаанын

Туулган жерим көздөн учат
Өзүңө жетпей кусаланамын
Убакыт токтобой сызып учат
Кайрылып Кудайдан суранамын

Мага күч-кубат бер
Баарын жеңип чыгайын
Көздөгөнгө жеткенимде
Сага шүгүр кылайын

Бербесе бүгүн кечирек берет
Ниетим таза жүрөгүм тирүү
Башкысы ишениш керек
Жашоо чытырман токойдой

Жырткычтарың аңылоодо жүрүшөт
Алдыда бир гана сыноолор
Алар менен келем күндө күрөшүп
Өткөнү өттү
Билбегениңди үйрөттү
Ылдамдатты, күүлөнттү
Соолутту, кайра гүлдөттү
Бирөө тыйынга зар

Рекомендации